
Бүгүн, 15-июлда Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында электр эсептегичтерди орнотуу жумуштарына байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Ноокат районунун Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал айылдарында;
Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кызыл-Жол айыл өкмөттөрүндө;
Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө;
Сүлүктү шаарынын Самат айылында;
Ош шаарынын: Ак-Тилек, Черемушки кичи райондору, Раззаков, Жим(Ош район), Салиева, Курманжан-Датка, Ленин, Ахмедов, Гор ГАИ айланасында, Мамыров, Атабаев, Ахмедов, Калинин, Моминов, Амир Тимур, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Фурманов, Степная, Алиев, Мамытов, Юнусов, Куренкеев, Космонавт, Фучик, Орджоникидзе, Жаштар көчөлөрүндө, Аринжан айылында.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.