Жогорку окуу жайларга кабыл алуу дүйшөмбү күнү башталат. График

2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо:
- I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
- II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет. Андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырастайт.
Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.
ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан