АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын мурдагы жубайы Ивана 73 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Ивана Трамп Нью-Йорктогу үйүндө көз жумду. Ал шыктандыруучу өмүр сүргөн кереметтүү, сулуу, укмуштуудай аял эле", - деп жазган Дональд Трамп.
Дональд Трамп Ивана Зельничковага 1977-жылы үйлөнгөн. Жубайлар 1992-жылы ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда үч баласы бар.