SUPER.KG порталына Кыргыз мамлекеттик политехникалык университетинин инженер-экономикалык факультетинин кафедра башчысы Орозалиев Туратбек кайрылып, аталган окуу жайдын ректору жана анын жанында жүргөн кишилер тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтты. Ал өзүнө карата ар кандай жалаа жабылып, жумуштан мыйзамсыз алып жаткандыгын айтып коомчулукка жарыялоону өтүндү.
"Мени негизи жок жумуштан кетүү арызын мажбурлоо жолу менен жаздырышты. Мирлан Чыныбаев кагаз жүзүндө гана ректор. Бизди башкарып жаткандар ошо ректордун жанында жүргөндөр. Мен жумуштан кеткенден эч нерсе болбойм, бирок өз каалоом менен кетишим керек. Жасалма дипломдор боюнча да бир мугалимди айтсам, "сен аралашпа" дешти", - деди ал.
Бул окуя боюнча экинчи тарап болгон аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевден дагы жооп алдык. Эки тараптын оюн видеодон көрүңүз.