Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары алмашты.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен өлкө башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
— Жалал-Абад облусу:
Ноокен райондук сотуна
Осмонов Тарасбек Сапарбекович;
Базар-Коргон райондук сотуна
Каримова Жыпар Кудайбердиевна;
Ала-Бука райондук сотуна
Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;
Токтогул райондук сотуна:
Бегимбаева Аида Алыбековна;
Солпуева Назира Мукамендиевна;
Майлуу-Суу шаардык сотуна
Турмаматов Муратали Курсаналиевич;
Таш-Көмүр шаардык сотуна
Бектемиров Куралбек Абдималикович;
— Ош облусу:
Ош облустук сотуна
Исажанов Келдибек Сайдахматович;
Ош облусунун Административдик сотуна
Жаныбекова Жаңыл Жаныбековна;
Чоң-Алай райондук сотуна
Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;
— Нарын облусу:
Нарын облустук сотуна
Койломбаев Азамат Ишимбекович;
–Жумгал райондук сотуна
Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;
— Ысык-Көл облусу
Ак-Суу райондук сотуна
Бекбулатов Айбек Бектурсунович;
— Бишкек шаары
Биринчи май райондук сотуна:
Акылбекова Джамиля Дилдебековна;
Медеров Азирет Баратович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.