Жолдошу тарабынан сабалды делген келин: "Жолдошум мени 3 жылдан бери коркутуп сабап келген"

Интернет желесинде күйөөсү аялына кол көтөрүп, кызга болушам деген аганын камакка алынышы кызуу талкуу болуп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 25 жаштагы Мадина Исакова жана анын жакындары акыйкаттык издеп Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн астына чогулган. Окуянын чоо-жайын Мадина Исакова айтып берди.

"Мени күйөөм 3 жылдан берди коркутуп келет. Күйөөмдө эч кандай жоопкерчилик жок. Менин буюмдарымды, кышкы кийимдеримди да сатып салган. Үйдө бала менен жашаганга шарт жок. Акыркы жолу сабаганда эжеме чалдым, байкем экөө келишти. Байкем менин сабалган абалымды көрүп күйөөмө кол көтөрдү. Учурда мени сабаган киши сыртта жүрөт, мени коргогон киши абакта отурат. Мага жардам бергилечи. Укук коргоо органдарынан жыйынтык болбой жатат", - деди ал.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан