Эдил Байсалов БУУнун жогорку деңгээлдеги саясий форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2022-жылдын 5-июлунан 18-июлуна чейин Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин калкасы астындагы туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Эдил Байсалов "Аймактардан келген билдирүүлөр" сессиясында баяндама жасады. Өз сөзүндө Байсалов ТӨМгө жетишүү үчүн прогрессти тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, БУУ ЕЭКтин региондогу туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө биримдикти түзүү, макулдашылган саясатты жана өз ара үйрөнүүнү жогорулатуу платформасы катары ролун белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле «2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүнү тездетүү: кризистерди жана кыйынчылыктарды жеңүү» темасындагы министрлердин тегерек столуна катышты.

БУУнун башкы трибунасында сүйлөгөн сөзүндө ал Кыргызстан эл аралык туруктуу өнүгүү күн тартибин жана «эч кимди артта калтырбоо» глобалдык милдеттенмени ишке ашырууга умтуларын белгиледи. Туруктуу өнүгүү максаттары мамлекеттик өнүгүүнүн негизги документтерине интеграцияланганы баса белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан