Карыздарды төлөтүү боюнча өкмөт эч нерсе жасабай жатканын айтышты депутаттар

ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика комитетинин 3-декабрдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров “карыздарды кайтарып алуу боюнча өкмөт эч нерсе жасабай жатат”,- деп билдирди. Зулпукаров мамлекеттин тышкы карызы 3,1 миллиард экенин айтып, каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевден “башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга карызы канча?” деп сурады. Бакетаев Молдавия менен Балтика өлкөлөрүнүн Кыргызстанга карызы 2 миллион долларга жакын экенин билдирди. Төрөбай Зулпукаров “2 миллион доллар аз акча эмес, ага туум да жазылат”,- деп, карыздарды өндүрүү керектигине токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан