Маданият министри Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик Дума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте постсоветтик өлкөлөрдүн арасында жаш лидерлеринин рейтингин түзгөн.

Маалым болгондой мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эң келечектүү, мыкты 20 жаш саясатчыларынын арасында эки кыргызстандык бар.

Алар: 35 жаштагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен 33 жаштагы ЕЭКтин жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков.

Уюштуруучулар жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылган сөздөргө, мамлекеттик сыйлыктарга, эл аралык байланыштардын деңгээлине, саясий келечегине жана кызматтык жетишкендиктерге баа беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан