Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-августка чейин камакта калтырылды

Кызматтан убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Каракол шаардык соту Тилекованын баш коргоо чарасын карап, ЖАМКтын №23 мекемесинде 11-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 17-майда УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан