Борбор калаадагы Жаш Гвардия бульварында достук китеп алмашуу үчүн атайын текчелер орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия бульварында достук китеп алмашуу текчелери орнотулду. Жаңы дизайндын негизги максаты бульвардын конокторунун ортосунда китептерди алмашуу болуп саналат.
"Алмашуу" схемасы өтө жөнөкөй. Анда жарандар жакшы көргөн китептерин алып келип, шкафтарга таштап, ордуна башкасын ала алышат. Жаш Гвардия бульварындагы китептин достук тиражына каалаган адам кошула алат.