Интернет жылдызы Бегимай Турусбекова Москвада атайын берүүгө тартылууда

Бишкектин "Ынтымак" паркында ырдап, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Москва шаарына барды. Ал бүгүн, 15-июлда "Привет, Андрей" берүүсүнө тартылат. Бул тууралуу өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Буга чейин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган. Тартуучу топ Казарманга чейин барып кетишкен. Ошондой эле келинди Москвага чакырышкан.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.

Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болуп, SUPER.KG порталына маек берген.

Интернет жылдызы Бегимай Турусбекова Москвага барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан