Талас облусунун Кара-Буура районунда күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн 4 адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, алардын экөөнөн күйдүргү илдети аныкталган.
"Лабораториялык изилдөөлөр аягына чыгып, 2 адам күйдүргү жарасын жуктуруп алганы белгилүү болду. Азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кийинки жума ооруканадан чыгарабыз деп жатабыз. Абалдары жакшы", - деди министрлик.
Эске салсак, буга чейин 12-июль күнү Талас облусунун Кара-Буура районунда төрт адамдан күйдүргү жарасынын белгилери аныкталган.
Маалымат үчүн: Сибирь жарасы (Күйдүргү) – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат. Күйдүргүнүн козгоочусу - таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.