
Бишкектен Санкт-Петербург шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.