Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылына жакын жайгашкан Шекер айылына убактылуу ветеринардык карантин киргизилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Канат Чомотоевге байланышканыбызда билдирди.
"Күйдүргү Көк-Сай айылынан чыкканына байланыштуу жакынкы кошуна айыл болгонубуздан биздин айылга ветеринардык карантин киргизилди. Азырынча канча күнгө созулары белгисиз. Айылга пост коюлду. Мал, сүт азыктарын айылдан чыгарууга чектөө койдук. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мал, сүт азыктарын сатып алуучуларга эскерттик", - деп билдирди ал.
Белгилесек, Кара-Буура районунда күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн 4 адамдын ичинен экөөнөн күйдүргү илдети аныкталган.
Маалымат үчүн: Сибирь жарасы (Күйдүргү) – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат. Күйдүргүнүн козгоочусу - таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.