Ишкерлик кылам дегендерге 100 миң сомдон берилет. Кимдер жана качан алса болот?

Өлкө боюнча жалпы 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.

"Февралда Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык контракт долбоору ишке киргизилди. Анын алкагында үй-бүлөлөр бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышты. Бүгүнкү күндө бардык долбоорлор ийгиликтүү болду, эми бул долбоор бүт республикага жайылтылат", - деди министр.

Базарбаевдин айтымында, долбоордун алкагында өлкө боюнча 2800 үй-бүлө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышат. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул максатка республикалык бюджетен 292 миллион сом бөлүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан