Чилиде кырсыктын жарчысы делген балык кармалды (видео)

Чилинин Арики шаарынын балыкчылары табигый кырсыктардын жарчысы деп эсептелген Сельд балыгын кармап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сейрек кездешүүчү балыкты көрүү үчүн жүздөгөн жергиликтүү тургундар чогулган.

Адистердин айтымында, бул балыктар 500 метрден 1000 метрге чейинки тереңдикте жашайт. Бул балык суу үстүнө тектоникалык плиталардын кыймылынан, бороон-чапкындан жана агымдардан улам чыгат.

Бул балыктардын жүрүм-туруму цунами же жер титирөөнүн кабарчысы болушу мүмкүн деген ишенимди пайда кылган. Мисалы, 2011-жылы Япониядагы өлүмгө алып келген жер титирөө жана цунамиден бир аз мурун бир нече ондогон ушул түрдөгү балыктар суу үстүнө чыгышкан.

Учурда Арика бийлиги балыктарды изилдеп, анын сууга чыгышына эмне түрткү болгонун аныктоого аракет кылууда.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан