Жөлөк пулдун өлчөмү кимдер үчүн жана канча сомго көбөйтүлдү? Тизме

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёттук маалымат жыйынында жөлөк пулдун көлөмүнүн көбөйүү динамикасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлгөн:

- майыптыгы бар балдарга – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

- ата-энесинин биринен ажыраган балдар үчүн – 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

- жетим балдар – 2 миңден 6 миң сомго чейин;

- I топтогу тубаса майыптар үчүн – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

- II топтогу тубаса майыптар үчүн – 3300 сомдон 6600 сомго чейин;

- III топтогу тубаса майыптар үчүн – 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

- I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 2500 сомго чейин;

- II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1500 сомдон 3 миң сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1 миң сомдон 1500 сомго чейин;

- пенсионерлер үчүн – 1 миң сомдон 1500 сомго чейин;

- баатыр энелер үчүн – 2 миң сомдон 2500 сомго чейин.

Жөлөк пулдардын көлөмү жалпысынан 103 миң 9 жаранга көбөйтүлдү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-июнунан тарта төмөнкү жарандар үчүн социалдык төлөмдүн суммасы дагы бир ирет көбөйтүлдү:

- I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

- II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1500 сомдон 2 миң сомго чейин;

- жетим балдар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

пенсионерлер үчүн – 1500 сомдон 2 миң сомго чейин;

баатыр энелер үчүн – 2500 сомдон 3 миң сомго чейин.

Мындан тышкары ушул жылы 1-июндан тартып "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго, ал эми майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге төлөнгөн сумма 4 миң 900 сомдон 6 миң 300 сомго көбөйтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан