"Кыргыз мигранттары мыйзамды сыйлашпайт"

“Биздин мигранттарыбыз мыйзамды сыйлашпайт. Жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге карабастан алар өз эрки менен жумушун таштап кете беришет”,- дейт КРнын Жаштар парламентинин эмгек миграциясы жана жаштарды жумушка орноштуруу башкармалыгынын миграция саясаты боюнча адиси Улукбек Бакенов.
Анын айтымында, Кыргызстандан барган мигранттардын көпчүлүгү ишке жөндөмдүү, тилди билген, бирок, өздөрүнүн келишимде көрсөтүлгөн кызматтык милдеттерин аткарышпагандар. Чет өлкөгө жумушка кетип жаткандар үчүн бул жактан мигранттардын укугу жана милдеттери тууралуу берүүлүчү окуу программалары ар дайым эле жардам бере бербейт. 2013-жылы мамлекеттик эмгек борборуна 500 адам кайрылып, анын 142си гана расмий уруксат алышкан.
Ошондой эле Улукбек Бакенов кыргыз мигранттарынын мыйзам түрүндө иштөөгө уруксат бериле турган документти 2000 рублга жасатуунун ордуна кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен байланышып, ортомчулар аркылуу жасалма уруксат кагазын 35000 рублга сатып алышарын айтты. 
Анын берген маалыматы боюнча учурда Орусияда 570 миң кыргыз мигранты эмгектенет. Алардын 264 миңи мыйзамсыз иштегендиктен, Кыргызстанга жөнөтүлүшү  ыктымал. Ошондой эле 31 миң кыргызстандыкка Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Ал эми Орусия Федерациясынын жарандыгын алышкандардын саны 450 миң. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан