Суданда 20 жаштагы Марьям Алсаед Тираб аттуу келин ойноштук кылганы үчүн таш бараңга алып, андан кийин өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу келин сотко кайрылууга ниеттенүүдө. Угандада жайгашкан Африканын Адилеттик жана тынчтык изилдөө борбору (ACJPS) өкүм ички жана эл аралык мыйзамдарды бузганын белгилеп, Тирабды эч кандай шартсыз бошотууга чакырды.
Суданда мындай өкүм акыркы жолу 2013-жылы кабыл алынган. Анда дагы ойноштук кылган аялды таш бараңга алуу менен өлүм жазасына тартуу өкүмү чыккан. Кийинчерээк бул өкүм жокко чыгарылган.