Көз тууралуу кызыктуу маалыматтар:
- Бала төрөлгөндө көзүнүн өңү көгүш-кара түстө болот жана эки айдан кийин көздүн чыныгы өңү калыптанат.
- Көздүн эң сейрек кездешүүчү түрү - жашыл көздөр. Жер жүзүндө 2 пайыз кишинин көзүнүн өңү жашыл түстө;
- Дүйнөдө 1 пайыз адам эки көзүнүн өңү эки башка болуп төрөлөт;
- Аялдар бир жылда 47 жолу ыйлашса, эркектер жети жолу гана ыйлайт;
- Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдардын 77 пайызы кокустан жаралган жагдайдан улам үйүндө ыйласа, 40 пайызы жалгыздыктан, 88 пайызы кокустан ыйлаганга мажбур кылган абалдан улам ыйлашат;
- Эркектерге караганда аялдар көзүн эки эсе көп ирмейт;
- Кишинин көзүнүн асты-үстүндө 150дөн ашык кирпиги болот;
- Чүчкүргөн маалда көздү ачып турууга мүмкүн эмес;
- Көзү көк кишилер аны тукумдан деп эсептешет. Көздүн көк түстүүлүгү гендеги HER C2 деген мутациянын жыйынтыгы. Көк түстүү гендерде меланин аз иштелип чыгат. Ал эми көздүн өңү дал ошол меланиндин көлөмүнөн көз каранды.