Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Баткенге иш сапары менен барды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, элчи 13-15-июль күндөрү Баткенге барган. Эрлан Абдылдаевдин Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан менен чектеш аймактарга, инфраструктуралык объектилерге барып, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууларды өткөргөн.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын райондорунун жана облустарынын чек ара кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан