Дональд Трамптын мурдагы жубайынын өлүмүнүн себеби айтылды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын мурдагы жубайы Ивана Трамптын өлүмүнө кокустук себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ивана Трамп Нью-Йорктогу үйүнүн биринчи кабатындагы тепкичтен табылган. Полиция анын өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн жана тергөөчүлөр ал жөн гана жыгылып кеткендигин болжолдошкон.

Өз кезегинде Нью-Йорк шаарынын медициналык экспертизасы Трамптын мурдагы аялы денесинен алган жаракаттан улам каза болгонун билдирген.

Кечээ, 15-июлда Ивана Трамп каза болгондугу кабарланган. Ал 73 жашта болчу.

Дональд Трамп Ивана Зельничковага 1977-жылы үйлөнгөн. Жубайлар 1992-жылы ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда үч баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан