Ысык-Көл облусунун Комсомол айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.
Күбөнүн айтымында, унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Каза болгон спортчу жолдун жээгинде кетип бара жатканда унаа сүзүп кеткен.
Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.