Караколдогу массалык баш аламандыкты уюштургандардын
соту бүгүн, 3-декабрда Биринчи Май райондук сотунда өтмөк. Каныбек Мадеминовдун
адвокаты Эркин Бүлөкбаевдин айтымында, аталган иш боюнча 4 адвокаттын материалдар
менен толук тааныш эместигинен улам соттук отурум 9-декабрга жылдырылды.
Мындан
сырткары адвокат отурумдун жүрүшүндө "Айыпталуучулардын бири Наристе Калчаев мага кармоо
учурунда УКМКнын кызматкерлери сабаганын, баштарына мүшөк кийгизип сурак
жүргүзүшкөнүн айтты. Сурак адвокаттын катышуусунда өткөн жок" деп кошумчалады.
Эске салсак, 7-октябрда Каракол шаарынын борбордук аянтында "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо талабы менен жергиликтүү тургундар митингге чыгышкан. Өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаевди барымтага алып, облустук администрацияны басып алууга аракеттер көрүлгөн. Баш аламандыкты уюштургандардын 23ү Бишкекке алынып келинген. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсү аныкталбагандар бошотулган.