Чүй облусунун Сокулук районундагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен “Аю” ЖЧКсы жана “Ак Каз” ЖЧКсы өндүргөн 4 миң 174 бөтөлкө ликер-арак продукция тартып алынган.
"Салык контролунун материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүп берилди", - деп билдиришти Салык кызматынан.