Чүйдө абактагы өспүрүмдөргө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк берилди (фото)

Чүй облусунда абактагы соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинде өткөн.

"Жашы жете электер камалган мекемеде мурдагы мыйзам бузуучулар кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болушту. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан