Орусиянын Камчатка аймагында Robinson жеке тик учагы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, тик учак Узон өрөөнүнөн Милково айылына учуп бара жаткан. Тик учакты башкарган адам белгиленген убакта байланышка чыккан эмес. Тик учакта эки адам болгон.
Тик учакты издөө иштери жарык кирери менен башталат. Издөө иштерине Ан-26 учагын тартуу пландалууда.
Ал арада дайынсыз жоголгон тик учактын учкучунун аты-жөнү белгилүү болду. Ал 25 жаштагы орусиялык биатлончу Игорь Малиновский.
Спортчу өзү тик учак менен учууну жакшы көрөт жана учуу мектебинде окуйт. Малиновский жаштар арасындагы Дүйнөнүн көп жолку чемпиону.