Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган кыргыз балдары мекенине алып келинди

Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргыз жарандарынын 6 баласы мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчилик Орусиянын компетенттүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.

"Элчилик Орусиядагы Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан