Ошто балдардын жайкы эс алуусу уюштурула баштады

16-июлдан баштап Ош шаарындагы бардык муниципалдык аймактык башкарууларда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Графикке ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкаруу аймагында 2 күн ичинде балдар үчүн оюн-зоок программалары уюштурулуп, анын жүрүшүндө тогуз коргоол, шахмат, шашки боюнча спорттук мелдештер, активдүү спорттук оюндар, анын ичинде футбол, волейбол, маданий жана концерттик программалар өткөрүлөт.

"Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгында бул иш-чаралардын ачылышына катышып, балдардын эс алуусун жеринде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан сырткары балдарды шаардык “Дельфин” бассейнине алып баруу уюштурулат", - деп жазылат маалыматта.

Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан аярлуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат, алар тиешелүү социалдык органдар аркылуу чакырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан