Испанияда дээрлик бир жумага созулган ысыктын кесепетинен 360 адам, Португалияда 238 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Испанияда абанын температурасы 45,7 градуска жеткен. Жанындагы эле Португалияда абанын температурасы бир нече күн бою 40 градуска чейин жеткен. Португалиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 7-июлдан 13-июлга чейин катталган нормадан ашык ысыктан 238 адам каза болгонун, алардын көбү улгайган адамдар болгонун билдирген.
Ошондой эле бул өлкөлөрдө ысыктан улам токойлор өрттөнүп, миңдеген адамдар эвакуацияланган.