“Иса Өмүркуловго иш козголдубу, демек, прокуратура анын күнөөсүн далилдеши керек”,- дейт Жылдыз Жолдошова

“Прокуратура мэр Иса Өмүркуловго иш козгодубу, демек, анын күнөөсүн далилдеши керек”,- деди депутат Жылдыз Жолдошова 3-декабрда маалымат жыйында. Айтымында, тергөө объективдүү жүрүшү зарыл. “Эгер Өмүркуловдун ишин жаап коюшса, кезек Мелис Мырзакматовго келет. Ошондо чоң чыр чыгышы мүмкүн. Азыр кылмыш иштерин жаап коюп башкасына иш козгоо модага айланды”,- дейт депутат.   

Жолдошова прокуратура 90 пайыз мыйзам үстөмдүгүнө көзөмөлдүк кылуу менен, 10 пайыз тергөө менен алектениши керек экендигин кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан