Кечээ, 17-июлда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана борбордун конокторуна саптык ыкмаларды көрсөтүштү. Ал эми “Пантера” атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары өлкөнүн, министрликтин, Улуттук гвардиянын жана Бишкек шаарынын тууларын желбиретип аянтка парашют менен түшүштү.
Улуттук гвардия - 1991-жылдын декабрь айында мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Анын алгачкы гвардиячылары 1992-жылдын 20-июлунда кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен. Гвардиянын катарында кызмат кылуу үчүн олуттуу тандоодон өтүү керек, жакшы физикалык даярдыгына жана чыдамкайлыгына өзгөчө көңүл бурулат.