Чолпон Султанбекова, депутат: "Бардык спорт комплекстерине пандус орнотулушу керек”

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда “КРнын паралимпиадалык спорттун абалы жана проблемалары жөнүндө” маселе каралды. 

Талкууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дээрлик бардык дене тарбия мекемелеринде пандустардын, инфраструктуранын жоктугу, каржылоонун жетишсиздиги жана мамлекеттик деңгээлде паралимпиада спортуна тиешелүү көңүл бурулбай жатканы айтылды. Депутат Чолпон Султанбекова бардык спорт комплекстерине пандус орнотууларын милдеттендирүүнү сунуштады. Ал эми депутаттар Бөдөш Мамырова менен Бахтияр Кадыров майып балдарды машыктырган мугалимдерге кошумча акы төлөө керектигин айтышты.

Жыйынтыгында талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен өкмөткө “Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө” мыйзамды аткаруу боюнча так чараларды көрүү, өлкөдө паралимпиадалык спорт жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан