Өлкөдө акыркы 6 ай ичинде селден улам 22 өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.
Министрдин айтымында, эң көп сел Сузак районунда катталып, анда 838 үй жабыркаган. Акыркы 6 ай ичинде Кыргызстанда 38 адам сууга чөгүп каза болгон, анын 20сы жаш балдар.
2 миң 731 объект, анын ичинде 46 социалдык объекти, ошондой эле жолдор сел кырсыгынан жабыркаган.