Өлкөдө эң көп катталган кырсык кайсы экендиги жана андан тарткан зыяндар айтылды

Өлкөдө эң көп катталган кырсык – өрт кырсыгы болуп саналат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министр ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 823 өрт кырсыгы катталганын, андан 16 адам каза болгонун жана тилсиз жоонун кесепетинен тарткан материалдык чыгымдын жалпы суммасы 227 миллион сомду түзгөнүн айтты.

Ажикеев быйылкы өрт кырсыгынын эң чоңу “Дордой” базардагы өрт жана Чүйдөгү 223 бука күйүп кеткен сарай болгонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан