Ички иштер министри өлкөдө кылмыштардын саны азайгандыгын билдирди

Өлкөдө 6 ай ичинде кылмыштуулук 47 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, кылмыштуулуктун жаш өзгөчөлүгү 29 жаштан 49 жашка чейинкилер арасында басымдуу кылат. Акыркы 6 ай ичинде 22 миң 634 кылмыш иши катталган. Кылмыштардын саны 20 миң 525ке, коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны 16 пайызга азайган.

Киши өлтүрүү 6 пайызга, опузалоо 63 пайызга, зордуктоо 45 пайызга, алдамчылык 25 пайызга, уурулук 26 пайызга, унаа уурдоо 26 пайызга, зордук-зомбулук, өзгөчө оор кылмыштар 29 пайызга азайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан