Унаалардын терезелерин караңгылатуудан канча миллион түшкөнү белгилүү болду

Унаалардын алдынкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берилген соң бюджетке 54 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Унаалардын алдынкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат ушул жылдын 1-июнунан тарта берилген. Долбоорду министрлер кабинети сунуштаган.

Уруксат баасы жеке жактарга — 80 миң сом, юридикалык жактарга — 100 миң, ал эми чет элдиктер үчүн — 120 миң сом деп белгиленген. Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.

Долбоор боюнча такси, жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды төлөбөгөн жарандар алдынкы каптал айнектерин караңгылата албайт. Уруксаты жок караңгылатып алгадар 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан