Бүгүн, 18-июлга карата COVID-19 илдети 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 75 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатса, 13ү ооруканага жаткырылды.
Алардын ичинен:
- 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан;
- 2 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЦР-тест тапшырууда аныкталган;
- 8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган (Корея, Литва, Венгрия);
- 6 учур оорулуу менен байланышта болгон адамдардан аныкталган.