13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу милиция жетекчилерине кандай жаза берилгени белгилүү болду

13 жашар секелек кыздын зордукталышына байланыштуу милиция жетекчилерине чара көрүлдү. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан милиция кызматкерлерине байланыштуу ал кызматкерлердин жетекчилери, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басары катуу сөгүш жана кызматтык даражасынан төмөндөтүү түрүндөгү жазага тартылды.

"ИИМдин кызматкерлеринин ушундай жаман ишке барганы өтө уят, мен үчүн да уят. Ар бирибиздин кызыбыз, карындашыбыз бар. Биз бул ишти аныктагандан кийин өзүбүз кызматкерлерди тергөөгө өткөрүп берип, камаганбыз. Эч нерсе жашыруун эмес, иш тергелгенден кийин акыркы чечимди сот чыгарат”, - деди Ниязбеков.

Ошондой эле ал бардык күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан