Бүгүн, 18-июль күнү маалымат жыйында ички иштер министри Улан Ниязбековго айрым жарандык активисттер жана журналисттер талап кылгандай кызматтан кетүүгө ниети барбы деген суроо берилди.
Министр аталган суроого түз жооп берген жок жана Ички иштер министрлигине ар дайым сын-пикирлер айтылып келгендигин жана ар түрдүү сындарды көтөрө билишерин кошумчалады.