
Үч эм төрөлгөн аз камсыз болгон үй-бүлөгө батир берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июлда Балыкчы шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президенттин атынан үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.
"Ымыркайлардын ата-энеси өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок болгондуктан Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.
Белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашкан, үй борбордук коммуникацияга туташтырылган. Батир оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдары бар. Ошондой эле аталган үй-бүлө белек катары жеңил унаа алды", - деп жазылган маалыматта.
Министрлигдин маалыматы боюнча, 2021-жылы республика боюнча 150 миңден ашык бала төрөлгөн, 2022-жылдын 6 айында өлкөдө 98 миң 536 бала төрөлгөн. Анын 15и үч эм.
Мамлекет тарабынан бала төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө "Балага сүйүнчүгө" бир жолку төлөм каралган, ал эми үч эм төрөлгөндө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон каралган.
Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 150 миң сом берилген.