"Жардамга муктаж". Бишкекте өспүрүм кызды ала качууга аракет кылышкан

Бишкектин "Старый толчок" районунда 17 жаштагы өспүрүм кызды ала качууга аракет кылышкан. Бул тууралуу "Открытая линия" коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз ала качуу тууралуу милицияга кабарлаганга жетишкен. Бирок кыздын үйүндөгүлөрү аны кабыл албай коюшкан, учурда ал жардамга муктаж экени айтылат.

"Ошол күнү 17 жаштагы кыз дене табы көтөрүлүп ооруп жаткан. Дем алуусу кыйындагандыктан дарыканага жөнөгөн. Ал жолдон кошунасы башкарып бараткан унааны көрөт, кошунасы жеткирип коюуну сунуштаган. Кыз макул болгон эмес. Ошол учурда кошунасынын олбурлуу досу кыздын оозун жаап, унаага салган. Кыз араң дем алып жатканына карабай алып кетишкен. Үйгө келген учурда ала качкан адамдын апасы "баламдан кантип баш тартасың?" деп кыздын башына урган. Кыз милицияга кабарлап, жардам сураганга үлгүргөн. Бирок кыздын үйүндөгүлөрү "ажырашкансың, милицияны чакыр деп ким айтты" дешип кабыл албай коюшат.

Андан соң ал колдоо көрсөтөт деген үмүттө эжесиникине барган. Эки күн өткөндөн кийин эжеси күйөөсүнүн "биздин үйдө андайларга орун жок" дегенин айткан. Эжеси үйүнө жашата албастыгын көп жолу билдирген.

Кыз учурда коопсуз жерде, бирок ал күн сайын ала качкан окуяны түш көрүп жатат. Ал бардыгын унутуу үчүн жумушка чыккысы келет", - деп жазылат маалыматта.

Кыздын чач тарачтык жөндөмү бар экени жана учурда ага иштөөгө атайын шаймандар керек болуп жатканы айтылат.

"Кызга жардам берүүнү каалагандар 0555-65-48-03 эсептик номери аркылуу жардам берсе болот", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан