ИИМ министри суракка чакыртылгандар боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык тармактардагы элди туура эмес нерсеге багыттаган чакырыктарды изилдейбиз. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ар бир чагымчыл материалдар тыкыр иликтенет. Социалдык тармактардагы элди туура эмес нерсеге багыттаган чакырыктарды изилдейбиз. Анткени ар биринин аркасында кандайдыр бир кылмыштуу, күмөн жараткан ойлору бар болуусу мүмкүн. Ал эми суракка чакыртылгандарды баарлашуу иретинде оюн билели деп профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Бул боюнча тиешелүү мыйзам 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган. Ошондой эле фейктер боюнча мыйзам бар. Биз мыйзамдын чегинде гана иш кылабыз. Эгерде биздин иш туура эмес болсо, анда прокуратура органдары бизге да чара көрөт”, - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта жазган билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, жарандык активисттер жана ЖМКлардын жетекчи, редакторлору суракка чакыртылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан