Чүй облусундагы Сосновка айылынын кире бериш жерине "Сары-Өзөн Чүйгө кош келиңиздер!" деген жазуусу бар эстелик коюлганын Бермет Турсалиева аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.
"Сары-Өзөн Чүй өрөөнүнүн кире бериш жерине ушундай жазуусу бар эстелик орнотулуптур. Айрыкча түнкүсүн коркунучтуу көрүнөт экен. Тыгында турганбыз, эстелик кимге тургузулганын окуп көрөйүн дегем. Анткени мындай эстеликтер кырсык болгон жерлерге коюлат эмеспи. Барып окусам "Кош келиңиздер!" деп турат", - деп жазган ал.