Ушул аптада Европаны каптаган ысыктан улам Испания менен Португалияда 1 миң 27 кишинин каза болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Анда аптаптуу аба ырайы курчаган Франция токой өрттөрү менен алышып жатса, Англияда жолдордун эришине байланыштуу транспорт токтоп калышы мүмкүн экендиги айтылат.
Франция сыяктуу тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан Европанын дагы эки өлкөсү Испания менен Португалияда ушул кезге чейин 1 миң 27 кишинин каза болгону жарыяланды. 40 градустан ашкан температурадан улам каза болгондордун санынын көбөйүшүнө тынчсызданган саламаттыкты сактоо кызматкерлери, элди өтө зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоого чакырышты.