Норвегияда кит туристтин сууга түшүп кеткен телефонун кайтарып берди (видео)

Норвегиянын Хаммерфест шаарында ак түстүү кит туристтин сууга түшүп кеткен телефонун кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кит Хаммерфесттин сууларында бир нече апта мурун пайда болуп, буга чейин "Орусиянын шпион кити" деп аталып калган. Балыкчылар менен экологдордун ырасташынча, киттин аркасында орус тилиндеги жазуулары бар салмоору болгон. Балык уулоочу кайыктарды кууп, эл менен ойногон, сылап-сыйпоого уруксат берген үйрөтүлгөн кит экени айтылат.

"Биз досторубуз менен китти карап жатканбыз. Мен күрмөмдүн чөнтөгүн жаппагандыктан телефонум сууга түшүп кетти. Мен телефонумду биротоло жоготтум деп жаткам, бирок кит суудан телефонумду алып чыкты. Биз көргөн көзүбүзгө ишене алган жокпуз", - деп билдирген турист.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан