"Hello", "merhaba". Ысык-Көлдүн туристтик милициясы 24 саат бою кызмат өтөп жатат

Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери аймактагы туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу менен чектелбестен, маалыматтык жактан да колдоо көрсөтүшөт.
Облустук милициянын маалыматына таянсак, алар жөө жана транспорт менен каалаган пунктка ыңгайлуу жолду табууга жардам берип, аймактын кооз жерлери жөнүндө маалыматтарды айтып беришет.
"Ысык-Көл көлүнө, Алтын-Арашан, Жууку, Жети-Өгүз капчыгайларына, Каркыра, Көк-Жайык жайлоолоруна, ошондой эле облустун башка маданий-тарыхий жайларына жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер көп келүүдө. Бул өзгөчө жай мезгилинде байкалат.
Туристтик жайларда коомдук тартипти сактоодо жана чет элдик меймандарга жардам көрсөтүү максатында бүгүнкү күндө Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору 24 саат бою кызмат өтөп келишүүдө. Негизинен аталган кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн функционалдык милдеттерин туристтик аймактарда жана тоолуу каттамдарда аткарышат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан