Медициналык окуу жайларды ачуу же жабуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыйгарым укуктарында жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековго байланышканыбызда билдирди.
"Окуу жайларды жаап салуу боюнча чечим мыйзамсыз болчу. Бир айдан бери бул маселе боюнча карап чыктым. Саламаттыкты сактоо министрлигинде окуу жайларды ачуу же жабуу укугу жок экен. Буга чейин чыккан мыйзамсыз буйруктарды жокко чыгардык.
Медициналык окуу жайларды мыйзам чегинде тартипке келтирип, №6ны туура берүү, ал жактагы коррупциялык коркунучтарды, адамдык факторду жокко чыгырып, сайтта онлайн кылуу башка маселе. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Өкмөттө ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Күзүндө эрежелердин баарын ачык-айкын кылып чыгарып беребиз. Азыр эми жаап салды деп айткан туура эмес, формаларды (ред.; №6 лицензия) алып коюптур. Аны дагы алууга убактылуу укугу жок болчу. Азыр ЖОЖдорго кабыл алуу жүрүп жатпайбы. Аны дагы бузбашыбыз керек.
Ошондой эле күздө кайсы медициналык окуу жайдын клиникалык базасында студенттер практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүктөр жок болсо, анда ал окуу жайдын иштөөсү каралат. Бирок баары мыйзам чегинде", - деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө студенттердин практикалык билим алуусу үчүн толук шарт түзүлбөгөн 12 медициналык окуу жайдын тизмеси жарыяланган. Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сапаты талапка жооп бербеген медициналык окуу жайлардын жабылышы боюнча пикирин билдирген.