Ысык-Көлдө "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунда "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт.

Фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишери маалымдалат.

Иш чаранын программасы:

21-июль
17:00 - Фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода көргөзмөсү жана салтанаттуу ачылыш аземи;
22-июль
10:00 - кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси;
12:00 - музей бөлүмү;
15:30 - "Эдегей" театрынын мода шоу-көгөзмөсү.
23-июль
10:00 - жарманке;
12:00 - маалымат жыйын;
15:30 - фестивалдын жабылуу аземи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан